Оңдоп-түзөөгө байланыштуу өчүрүүлөр оорукана жана стационарларга тоскоолдук жаратпайт

Жыл сайын март, апрель, май айларында күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштери жүрөт. Бирок, жаз айында өлкөбүздө карантин жарыялангандыктан эч кандай өчүрүү болтурбоо үчүн оңдоо иштери токтотулган. Ошондуктан, азыркы учурда оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүп жаткан учур. Бул тууралуу “Ошэлектро” ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштери сөзсүз түрдө жергиликтүү бийлик менен макулдашуунун негизинде аткарылат.

“Азыркы болуп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүүлөр эч кандай райондук, аймактык больницага жана азыркы кырдаалга байланыштуу ачылган стационарларга тоскоолдук жаратпайт. Себеби, аларга үзгүлтүксүз жарык берүү үчүн кошумча генераторлор коюлган жана жергилүктүү электр тармактар ишканасынын көзөмөлүндө. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу быйылкы жылы өчүрүүлөр аз. Себеби, кырдаалга байланыштуу ыкчам бригадалык топтор түзүлүп, ошондой эле оңдоо иштеринин графигин түзүүдө азыркы кырдаал эске алынуу менен бирге баардык чаралар көрүлгөн. Абонентерден кыш мезгилине даярдык дем алышсыз кызуу жүрүп жаткан учурду туура түшүнүү менен кабыл алуусун суранып, убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз”,- деп айтылат маалыматта.

Ар жыл сайын оңдоо иштеринде төмөндөгү иштер сөзсүз жасалышы зарыл жана азыркы учурда аткарылып жатат:

Жогорку чыңалуудагы көмөкчү чордондор;

Мөөнөтү жеткен майларын алмаштыруу;

Резеткалуу контактарын тазалоо жана бышыктоо;

Приводдорун ревизиялоо;

Автоматтык түрдө өчүүлөр боюнча кайрадан текшерүү;

Толук кандуу иштөөсүнө ынануу;

Жогорку чыңалууну жүктөө жолу менен иштөө жөндөмдүүлүгүн текшерүү;

Майлардын сапатуулугун химиялык анализ аркылуу текшерүү;

Трансформаторлордун автоматтык коргонууларын текшерүү жана тастыктоо;

Каррозияга учаратпоо максатында сырдоо, майлоо.

Жогорку чыңалуудагы аба чубалгылар:

  1. Сынган изоляторлорун алмаштыруу.
  2. Темир мамычалардын иштен чыккан цептүү арматурасын алмаштыруу.
  3. Аба чубалгылардын ийилген жерлерин кайрадан тартуу, коопсуз абалга келтирүү.
  4. Авариялык абалга келген мамычаларды туздөө жана алмаштыруу.
  5. Мамычалардын катар номерлерин жанылоо.
  6. Сел жежер сүрүлүү коркунучуна жакын турган мамычаларды коопсуз жерге жылдыруу.
  7. Кемтиги бар траверс зымдарын ремонтоо же алмаштыруу.
  8. Өткөргүчтөрдү текшерүү эгерде сапаты жоголсо алмаштыруу.
  9. Аба чубалгылардын айланасын бак-дарактардан тазалоо.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.