Оңдолуп жаткан аялдамалардын сапатына мэрия жооп бербейт

Ош шаардык муниципалдык жеке менчик ишканасы кышка жакын оңдолуп баштаган аялдамалар боюнча үн катты. Аталган ишканадан билдиргендей, тендер жарыялоодогу кемчиликтерден улам  ремонт иштери кеч калган.

“Курулуш иштерин жүргүзүүгө эки ирет тендер жарыяладык.  Тендерге эле бир топ убакыт кетип калды.  Ошол себептен оңдоо иштери кечеңдеди. Ал эми курулуштун сапатына курулуш компаниясы жооп берет”- деди  Ош шаардык муниципалдык менчик  ишканасынын бөлүм башчысы  Нурбек Азимбеков.

Учурда калаа аймагындагы 61 аялдамада оңдоо иштери болууда. Жалпы Ош шаарында 127 аялдама бар.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.