Нью-Делиде индиялык жаштардын арасында кыргыз тилинде поэзия окуу конкурсу өттү

23-июлда, эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата, Кыргызстандын Индиядагы элчилиги жаш лидерлер конфедерациясынын атынан чыккан индиялык жаштардын арасында кыргыз тилинде ыр окуу конкурсун уюштурду.

Элчиликтен билдиришкендей, иш-чаранын катышуучулары кыргыз жерине, кыргыз элине болгон сүйүү жана кыргыз жаратылышынын кооздугу жөнүндө ырларды окуп, укмуштуудай чыгармачылыгын көрсөтүштү.

Индияда жашаган кыргыз жарандарынан турган калыстар тобу катышуучуларынын кыргыз тилинде поэзия окуу жөндөмүн жогору баалашты.

Ошондой эле, кыргыз элинин маданияты жана каада-салты менен таанышуу максатында конокторго Кыргызстан жана анын туристтик потенциалы жөнүндө видео көрсөтүлдү.

Исаев өзүнүн куттуктоо сөзүндө элчилик ар дайым Кыргыз өлкөсү менен Индиянын ортосундагы эки тараптуу маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоого салым кошкон жөндөмдүү, демилгелүү жана таланттуу жаштарды колдоого умтулаарын белгиледи.

Сынактын бардык катышуучулары сертификаттар жана эстеликтер менен сыйланышты.

Жолугушуунун аягында иш-чаранын коноктору салттуу тамактардан – боорсок, палоо жана даамдуу токочтордон ооз тийишти.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.