Нурсултан Назарбаев отставкага кетти

Бүгүн, 19-март күнү Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев отставкага кетти. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, ал өлкөнүн мамлекеттик телеканалдарында түз эфирде чыгып, кетүү туурасында чечим кабыл алганы айтылат.

“Мен бүгүндөн тарта президенттиктен кетүүнү туура көрдүм,”-деп айткан Назарбаев.

Бирок, ал өлкөнүн коопсуздук кеңешинин төрагалык кызматында калаары айтылууда. Шайлоого чейин президенттик милдетти парламент сенатынын спикери Касым-Жомар Токаев аткарат.

Белгилей кетсек, ал 1990-жылдан тартып өлкөнү башкарып келген.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.