Нурсултан Кеңешбеков эл аралык мелдеште алтын медаль тагынды

Нурсултан Кеңешбеков эл аралык мелдеште алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Нурсултан Кеңешбеков 11-12-апрель күндөрү Иранда өткөн Али Бангбанбашинин элесине арналган Имам Реза 1-Кубогунда ийгилик көрсөттү. Спортчу 10 000 метр аралыкта 32:12.01 көрсөткүчү менен алтын медаль тагынса, 5000 метр аралыкта 14:37.98 көрсөткүчү менен коло медалдын ээси болду.

Ошондой эле аталган мелдешке Мусулман Жоломанов, Тимур Исаков, Сүймөнкул Расул уулу, Жусуп Сулайман уулу катышты.Спортчулар башкы машыктыруучу Сатыбек Чокаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.