Нурсултан Абдикеримов төкмө акындык өнөрү менен көрүүчүлөрдү таң калтырды

20 жаштагы Нурсултан Абдикеримов төкмө акындык өнөрдү аркалап келет. Ал Ош шаарындагы сынактарга катышып, өз өнөрүн сынап келе жатат. Төкмөчүлүккө аралашканына үч жылга жакындап калды. Алдыда дагы өнөрдүн сырларын үйрөнгүсү келет.

“Мен төкмө акындыкты биротоло өздөштүрүп бүттүм дегенден алысмын. Азыркы тапта деле бул өнөрдүн сырларын үйрөнүү үчүн аракеттенип жүрөм. Оштогу төкмө акындардын бири Идирис Айитбаев агайымдан сабак алып келе жатам. Изденүүмдү токтокпой, улуу өнөрдү өздөштүрө берем”,-деп белгиледи Н. Абдикеримов.

Нурсултан Абдикеримов “Ырыс таң” программасына конокко келип, түз эфирден көрүүчүлөргө өнөрүн тартуулады. Отурган жеринен эле программаны, алып баруучуларды кошуп, комуздун коштоосунда ырдап берди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.