Нурболот Үсөнбаев: Чет жерлерден келген жарандар талаптарга баш ийбей, оорулуулардын саны дагы да өсүп жатат

Жаңы катталган 78 учурдун 46сы чет өлкөдөн келген жарандардан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымдады.

Үсөнбаев билдиргендей, чет өлкөдөн келгендердин айрымдары обсервациянын талаптарына баш ийбей, өздүк гигиенаны сактабай жатышат.

“Ар башка мамлекеттерде, ар кандай шарттарда жашап келген мекендештерибиз бар. Алардын эрежеге баш ийбей, өзүм билемдик менен кылган аракеттери абалды улам кыйындатып, оорулуулардын санынын көбөйүшүнө шарт түзүп жатат”,-деди Нурболот Үсөнбаев.

Вирус эң көп аныкталган жарандар 7-май күнү Соль-Илецк шаарынан алынып келинген. Алардын 43үнөн коронавирус табылды. Жалпы Соль-Илецктен келген 541 адамдын 101инен коронавирус табылды.

Аталган шаардан келгендер алгач обсервациянын эрежелерине баш ийбей, айрымдары үйлөрүнө качып кетүүгө аркет кылышкан.

Ал эми Кыргызстанга 15-майда Стамбул-Бишкек каттамы менен учуп келген 330 жарандан COVID-19 вирусу чыккан жок. Алардын баары эрежелерди катуу сактоо менен үй карантинине жиберилди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.