Нур-Султанда Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн 17-айлампасы башталды

21-декабрда Казакстандын баш калаасы Нур-Султан шаарында Сирия өкмөтүнүн, ошондой эле кепил өлкөлөр болуп эсептелген Орусиянын, Ирандын жана Түркиянын өкүлдөрү катышкан Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн 17-айлампасы башталды.

Түркиянын Daily Sabah басылмасынын маалыматына караганда, Казакстанга бул жолугушууга катышуу үчүн Сирия оппозициясынын өкүлдөрү да келишкен.

Сүйлөшүүлөрдүн алгачкы күнү катышуучулар Сирияны калыбына келтирүү маселесин көтөрүштү. Анда Орусиянын Сирия боюнча атайын өкүлү Александр Лаврентьев жарандык согуштан кийин урандылар алдында калган Сирияны калыбына келтирүү үчүн түрдүү эсептер боюнча 600-800 миллиард доллардан ашык каражат кетиши мүмкүн экенин билдирди. Мындан тышкары ал Сириядагы “Аль-Хол” лагери бул жолку сүйлөшүүлөрдө талкуулана турган маселелердин тизмесине кирбей калганын кошумчалады.

“Өзүңөр түшүнүп турасыңар, бул лагерде “Ислам мамлекети” тобунун жоочулары жана алардын үй-бүлөлөрү кармалып турат. Алар албетте ошондой духта тарбияланышкан. Ошондуктан коопсуздук жагынан алганда андагы абал кыйла оор. Ал жакта адам өлтүрүү жана башка жакшы эмес иштер болууда”, — деди Лаврентьев.

БУУнун маалыматына ылайык, Сириянын түндүк-чыгышындагы бул лагерде 62 миң киши бар. Алардын болжол менен 80% аялдар менен балдар түзөт. Буга чейин БУУ Сириядагы лагерлерде шарттар өтө начар экенин белгилеп, 60 өлкөнүн өкмөтүн андагы өз жарандарын алып кетүүгө чакырган.

Казакстандын баш калаасындагы Сирия боюнча сүйлөшүүлөр БУУнун ортомчулугу менен өтүп жаткан Женевадагы сүйлөшүүлөрдөн өзүнчө өтүүдө. “Астана жараяны” деген ат менен таанылган бул жолугушуулар 2015-жылдан бери өткөрүлүп келет жана Сириядагы жарандык согушту токтотууга багытталган.

2011-жылы мартта өкмөткө каршы нааразылыктарды күч менен токтотуудан кийин башталган Сириядагы куралдуу жаңжал жүз миңдеген адамдын өмүрүн алып, миллиондогон сириялык үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду. Кээ бир учурларда бул жаңжал дүйнөлүк державалар ортомчулук кылган согушту элестетип турду — Москва менен Тегеран Башар Асаддын режимин колдосо, АКШ менен Түркия түрдүү көтөрүлүшчүл топторду колдоп келишти.

2014-жылы Сирия менен Ирактын аймактарынын көп бөлүгүн басып алган “Ислам мамлекети” (ИМ) экстремисттик тобу бир нече жылдан кийин эл аралык коалициянын күчтөрү тарабынан талкаланган. 2019-жылдан бери Борбор Азия өлкөлөрү Сирия менен Ирактагы лагерлерде кармалып турган миңден ашуун жарандарын, анын ичинде аялдар менен балдарды мекенине кайтарып келишкен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.