Нур-Султанда Манастын, ал эми Бишкекте Абай Кунанбаевдин эстеликтери пайда болушу мүмкүн

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов Казакстандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Карим Кокрекбаев менен жолугушту.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан  билдиришкендей, иш сапарынын жүрүшүндө шаар башчысы Казакстан Республикасы жана, айрыкча, Нур-Султан жана Алматы шаарлары менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар ошондой эле Нур-Султан шаарында Манастын жана Бишкекте Абай Кунанбаевдин эстеликтерин орнотуу маселесин талкуулашты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.