Новосибирск-Бишкек рейси болбой калды. ТИМдин 13-апрелге карата маалыматы

2020-жылдын 11-апрелине белгиленген “Сибирь” (S7) авиакомпаниясынын Новосибирск-Бишкек-Новосибирск багытындагы чартердик рейси болбой калгандыгына байланыштуу Башкы консулдук төмөндөгүнү кабарлайт.

Башкы консулдуктун кызматкерлери Новосибирск областындагы диаспоранын активдүү мүчөлөрү менен биргеликте Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) Кыргызстандагы миссиясынын каржылоосунун негизинде Новосибирск шаарындагы мейманканаларында Кыргызстанга кетүүсүн күтүп жаткан 132 мекендештерибиз менен жолугушуу өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жолугушуу учурунда Башкы консул К.Маматалиев жарандарга Кыргызстандагы коронавируска байланышкан кырдаалга ылайык жакын арада Мекенге авиакаттамдар болбой тургандыгын кабарлады. Андан сырткары жатакана жана тамак аш маселесин каржылоо, жумушка жайгаштыруу, миграциялык каттоо мөөнөтүн узартуу боюнча суроолорго жооп берди.

Бүгүнкү күндө 136 кишинин жатаканасын каржылоо (ЭМУ) нун Кыргызстандагы миссиясынын каржылоосу менен чечилип, тамак аш маселеси Кыргыз диаспорасынын жардамы менен уюштуруу келишимине жетишилди. Хостелде жайгашкан жарандардын арасынан муктаж болгон 4 жаран Кыргызстандык мекендешибиз ээлик кылган “Андар” жеке медициналык борбордон медициналык кароодон өткөрүлдү.

Ошону менен бирге 11–апрель күнү каза болгон үч Кыргызстан жарандарынын сөөгү (груз 200) Казакстандын аймагы аркылуу автомобилдик транспорт менен Кыргызстанга жөнөтүлдү.

Башкы консулдук Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин алдындагы курамында күн-түн режиминде иш жүргүзүп жатат. Керектүү консултацияларды +79607812324 телефон номери аркылуу жана konsulsib.kg@mail.ru электрондук дареги аркылуу алууга болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.