Новиков: Президенттин инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жөнүндө Жарлыгын сапаттуу деңгээлде ишке ашыруу зарыл

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгын сапаттуу жана жогорку деңгээлде ишке ашыруу зарыл», – деди онлайн-кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков.

Артем Новиков Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы тууралуу концепцияны иштеп чыгууда тарбия берүү, окутуу, маданий жактан өркүндөтүү, эртелеп өнүктүрүү тутумун өзгөртүүгө карай комплекстүү мамилени, калктын бардык катмарынын спорттук, өнүктүрүүчү, чыгармачыл инфраструктурага карай жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, ошондой эле өсүп келе жаткан муунду инсан катары калыптандыруунун бардык баскычтарында нравалык тарбия берүү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгында көрсөтүлгөн башка багыттарды эске алуу менен иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Тармактык мамлекеттик органдарга Концепциянын долбоорун илимий чөйрө, коомдук ишмерлер жана бардык кызыкдар тараптар менен кеңири талкуулоо үчүн үстүбүздөгү жылдын март айынын башталышына карай сунуштоо тапшырылды.

Кеңешменин алкагында ошондой эле өлкөнүн 2021-жылга карата маданий жашоосуна тийиштүү маселелер козголду, аны талкуулоонун жүрүшүндө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине республикалык театрлардын аймактар боюнча гастролунун графигин даярдоо тапшырылды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.