Ноокендин 90 жылдыгы 7 жыл эрте белгиленди

Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун 90 жылдыгы белгиленди. Бирок архивтик материалдарда анын түзүлгөнүнө болгону 83 жыл толгону маалым болду. Ага карабай  райондун 90 жылдыгын белгилөө өкмөттүн токтому менен бекитилип, ага вице-прьемер министр баш болгон жетекчилер да катышкан.

Маареке бир нече күн мурда район борборундагы стадиондо өткөрүлдү. Бирок анын 7 жыл эрте болуп жатканын дээрлик баары эле билген эмес.

 

Ал эми Ноокен районунун түзүлгөнүнө 90 жыл эмес 83 жыл болгонун облустук архив башынан эле билген. Ал тургай райондун жетекчилигине бул туурасында кабар да берилгенин аталган мекеменин жетекчиси Абдырахман Осмонов маалымдады:

“Ноокен райондук жана облустук админстрация бизге июнда эле кайрылган экен. Биздин кызматкерлер аларга райондун түптөлгонүнө 83 жыл гана болгонун айтышкан. Анткени Ноокен Базар-Коргондон өз алдынча район болуп 1935-жылы бөлүнүп чыккан”

Архивтик материалдар район жетекчисинин колуна тийгени менен, белгиленип калган маарекени токтото алган эмес. Анын себебин Ноокен районунун акими Эркин Маматаев мындайча түшүндүрөт:

“Биз райондун мурдагы жетекчилери, аксакалдар менен жыйын өткөргөнбүз. Ошондо мындан 10 жыл мурда Ноокендин 80 жылдыгы өткөнү, 1998-жылы 70 жылдыгы өткөнү айтылган. Мындан улам аксакалдар аны ошол бойдон эле калтырып 90 жылдыкты быйыл белгилөөнү чечишкен”.

Ошентип, райондун активи жана аксакалдардын сунушу менен 90 жылдыкты өткөрүү иши токтотулбайт. Ал  турсун жер-жерлерде ага карата марафон уюштурулуп 3,5 миллион сом каражат жыйналат. Район жетекчиси маалымдагандай жаңылыштык менен өткөн 90 жылдык маараке тойго 700 миң сом сарпталган. Аны ишкерлер көтөргөн. Ал эми марафондон түшкөн акча эс алуу лагерин курууга жумшалмакчы.

Ноокен районунун жаңылыштык менен өткөрүлгөнү боюнча маселе күн мурун парламентте да көтөрүлдү. Депутат Алтынбек Сулайманов аймактарды  өнүктүрүү жылында той аштар көп өтүп жатканын айтып, Ноокен районунун эрте майрамдалганы боюнча да биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновго суроо салган.

Район, шаарлардын 90, 100 жылдыктарын белгилөө бюджеттен эмес, элдин каражаты менен өтүп жатканына өкмөттүн деле каршылыгы жоктугунан кабар бергенсийт. Эске салсак, жакында эле Аксы районунун да 90 жылдыгы белгиленген болчу. Ага да марафондон түшкөн 4,5 миллион сом жумшалган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.