Ноокендин 61 жаштагы тургуну өз үйүндө киши колдуу болду

Ноокен районунун, Масы айылынын 1967-жылы туулган Р. И. аттуу тургуну өз үйүндө киши колдуу болгон. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анын жансыз денеси бүгүн өзүнүн уктоочу бөлмөсүнөн табылган.

Учурда Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, Ноокен райондук ички иштер бөлүмү шектүүнү аныктоо иштерин жүргүзүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген