Ноокендиктер акысыз медициналык кароодон өтүштү

Жалал-Абадда калктын саламаттыгы акысыз текшерилди. Ыктыярдуу дарыгерлер кербени Ноокенде эки күн иш алып барып, 3 миңдей жаранды медициналык кароодон өткөргөн.  Жыйынтыгында жүрөк-кан тамыр жана нерв оорулары көп аныкталып, бейтапканаларга жолдомолор берилди.

Ыктыярдуу дарыгерлердин кербени Ноокен айыл өкмөтүнө атайын чакыруулардын негизинде келген. Медициналык текшерүүгө муктаждардын саны көп болгондуктан, жараян эки күнгө белгиленген. Дарыгерлерге келгендердин көпчүлүгү невропотолог менен кардиологдорго кайрылып жатышты.

Медициналык кароонун жыйынтыгында, жүрөк-кан тамыр жана нерв оорулары менен жабыркандар көп аныкталды. Бул оорулардын көбөйүшүн дарыгерлер убагында текшерүүдөн өтпөгөндүк менен байланыштырышат.

Калкты акысыз медициналык кароодон өткөрүүнү “Дени сак эл” ассоциациясы уюштуруп, 40тай дарыгер оорунун ар кайсы түрү боюнча келишкен. Узи, кардиологиялык аппараттары да эки күн бою акысыз иштеди.

“Биздин максатыбыз- социалдык жактан муктаж адамдарга медициналык жардам берүү. Узи, кардиограм, гулькомер сыяктуу аппаратуралар менен келип, калкыбызга жардам берип жатабыз”,- “Дени сак эл” ассоссиациясынын директору Максатбек Жумабаев.

“Дени сак эл” ассоциациясы Ош облусундагы ыктыярчы дарыгерлерден куралган. Былтыртан бери өлкөнүн түштүгүндөгү жарандарды акысыз медициналык кароодон өткөрүп келишет. Алдыда өлкөнүн түндүк аймагын да камтуу пландалып, кезектегиси кийинки айда Ысык-Көл облусунда өткөрүлмөк болуп турат.

Сүрөт: Азаттык

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген