Ноокендик айдоочу, майып балдарга белек таратууда

Ноокен районунун тургуну, Бакыт Сулайманов ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга белек таратып жатат. Ал бул ишин 15 жылдан бери улантууда.

Жалал-Абад – Ноокен каттамы менен эл ташыган айдоочу, бүгүн аталган райондогу Жумабек Ниязов атындагы балдардын жатак мектебине таттууларды таратып, концерттик программа да да уюштурган.

“ Мен Жалал-Абад –Ноокен каттамы боюнча 15 жылдан бери эл ташыйм. Мындан 15 жыл мурун унаамды алганда, тапкан акчамдын бир бөлүгүн майып балдарга бөлөм деп ниет кылган элем. Ошондуктан ошол жылдан тартып бул ишимди улантып келем. Ар жылы ушул убакта балдарга таттууларды алып келип, көңүлдөрүн бир аз да болсо көтөрсөм дейм. Мындан сырткары, мектеп жетекчилиги менен сүйлөшүп, башка убактарда дагы кемчиликтери болсо өзүм анан досторум менен да чогултуп жардам беребиз”,- дейт Ноокен районунун тургуну Бакыт Сулайманов.

Сулайманов, алдыда 3-декабрь майыптар күнүнө карата, балдарга кышка кийим кече сатып берүүнү ниеттенүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген