Ноокенде 5 жашар кыз каналга агып кетти

Окуя кечээ, 27-июнда Ноокендин Кызыл-Туу айылында болгон. Беш жаштагы кыз Достук каналынын жээгинде ойноп жатып, агып кеткен. Баланын жансыз денеси бүгүн табылды деп билдиришти ӨКМден.

Жаш бала сууга агып кетти деген маалымат милицияга түшөрү менен издөө иштери башталган. Кечээ аракет майнапсыз болуп, жергиликтүү тургундар кыздын жансыз денесин бүгүн саат тогуздар чамасында таап, туугандарына өткөрүп берди.

Күн жылыгандан бери жаш балдардын сууга агып кеткен учурлары көбөйдү. Июнь айында Ош шаарында эле эки бала каза болгон. Буга байланышту шаардык милиция ата-энелерге, коопсуз жайда киринген өспүрүмдөргө түшүндүруу иштерин алып барууда.

Өткөн 6 жылда Кыргыстанда 500дон ашык адам сууга чөгүп каза болгон. Сууга түшүүнүн эрежелери, чөккөн адамга кантип алгачкы жардам корсөтүлөрүн бул жактан окуңуз.

Башкы сүрөттө Ош шаарындагы канал/Ош ШИИБ

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген