Ноокаттыктар: сармерденде район намысын татыктуу коргойбуз

Ноокат району “Ынтымак сармерден” телефестивалына акыркы эки аптадан бери кызуу даярданып жатат. 14-апрелде Араван менен өтчү беттеште алар жеңишке жетебиз деген ишеничте. 

«Биз 10 күндөн бери тынымсыз даярдыктарды өткөрүп  жатабыз. Сынака жалпысынан 50дөй өнөрпоз катышат. Негизинен катышуучулар өзүбүздүн базадагы музыкалык мектептин өкүлдөү жана район аймагынан чогулган талантуу тургундар. Алдыда күтүлүп жаткан кыз-жигиттин сармерден сынагында район намысын татыктуу  коргой алабыз деген ишеничтемин», – деди райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Төрөбек Мамашев.

 

“Сармерден” телефестивалын “Ынтымак” коомдук телеканалы Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү менен биргеликте уюштуруп жатат.  Буга чейин Чоң-Алай менен Кара-Суу райондору беттешип, чоңалайлыктар кийинки айлампага жолдомо алган.

Сармерден тууралуу бардык маалыматтарды – жобону, өткөрүү графигин, сүрөттөрдү биздин атайын баракчадан көрүңүз.

Бул маалыматты “Сорос-Кыргызстан” фондунун редакциялар аралык тажрыйба алмашуу долбоорунун катышуучусу, Ысык-Көл облустук  мамлекеттик телерадиокомпаниясынын кабарчысы Адилет Иманов  даярдады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген