Ноокаттагы медреседе билим алган 15 кыз-келин кошумча өнөрлүү болушту. Видео

“Авеп” коомдук фондунун “Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу” долбоорунун алкагында Ноокат районундагы Молдо Тааабалды ажы атындагы медреседе кыз-келиндер кечээ, 17-сентябрда сынак тапшырышты. Буга чейин алар аталган өнөрдү үйрөнүш үчүн бир айлык окутуудан өтүшкөн. 

Сынактын тапшырмасына ылайык, кыз-келиндер билеттеги суроолорго жооп берип, тамак-аш даярдоо жолдорун практика жүзүндө да көрсөтүп беришти. Бул үчүн аларга бардык шарттар түзүлүп берилген. Үйрөнгөн өнөрүн иш жүзүндө тастыктап бериш үчүн сынакта болгону 20 мүнөт убакыт берилди. Экзаменден өтпөй калгандарга кайра тапшыруу мүмкүнчүлүгү каралган.

Жыйынтыгында мындагы 15 жарандын баары экземенден ийгиликтүү өтүп, аны тастыктаган сертификаттар тапшырылды. Катышуучулар мындай акысыз өнөр үйрөнүү долбоорун ачып, мүмкүнчүлүк түзүп берген “Авеп” коомдук фондуна ыраазчылыктарын айтышты.

Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу долбоорунун алкагында уюштурулган бул саамалыкты жыл сайын “Авеп” коомдук фонду колго алат. Фонддун максаты- жаштарга кошумча өнөр үйрөтүү менен бирге аларга дем-күч берүү болуп саналат.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген