Ноокатта жол кырсыгынан бир адам каза болду

4-февраль күнү саат 18:00 чамасында Ноокат районунун тургуну А.уулу Т  Көк- Жар айыл аймагында өзүнүн Хундай үлгүсүндөгү автоунаасы менен Ноокат районунун эки тургунун коюп кеткен. Бул тууралуу Ош облустук ЖККнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Натыйжада жабырлануучулардын бири, 2005-жылы туулган К.уулу Ж окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми экинчиси жергиликтүү оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, кырсык автоунаанын тетиги (тормоз) иштебей калгандыктан келип чыккан.

Учурда кырсык боюнча Ноокат РИИБ тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып,тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген