Ноокатта жаш жигит сууга чөгүп каза болду

11-июлда Ноокат районунун 18 жаштагы тургуну Найман суу сактагычына чөгүп кетти.  

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 18 жаштагы баланын сууга чөгүп кеткени боюнча маалымат саат 15:30 чамаларында келип түшүп, кырсык болгон жерге 10 куткаруучу жиберилген. Издөө иштеринен натыйжа болбогондуктан, издөө аракеттери убактылуу токтотулуп, бүгүн издөө аракеттери улантылууда.

Министрликтин 10-июлда тараткан маалыматына караганда, жайкы эс алуу учурунда сууга чөгүп каза болгондордун саны 36га жеткен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген