Ноокатта өзгөчө кырдаал жарыяланды

Ноокат районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу Ош губернаторунун жардамчысы билдирди.

Вирустун жаңы учуру Ноокат районунда катталгандыктан, учурда район карантинге алынды.

Белгилей кетсек, бүгүн, 20-мартта эрте менен Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан Ноокатта коронавирус жуктурган 3 адам катталганы белгилүү болду. Алардын үчөө тең эркек киши экендиги аныкталган, учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Маалымат дагы толукталат…

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген