Ноокатта өз кызын зордуктаган ата 20 жылга камалды

Ноокат районунда өз кызын зордуктаган жаран 20 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын август айында 49 жаштагы эркек киши аялын төрөт үйүнө алып баргандан соң, үйүнө келип, 15 жаштагы кызын жакын жердеги темир жолго алып барып зордуктаган.

Аталган иш боюнча тергөө кызматкерлери аялы үйүндө жоктугунан пайдаланып, өз кызын бир нече жолу зордуктаган жаранды “жашы жете электи зордуктоо” беренесинин жана башка дагы беш факты менен кылмыш ишин козгогон.

Натыйжада Ноокат райондук соту шектүүнү айыптуу деп таап, 20жылга эркинен ажыратты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.