Ноокатта унаанын багаж бөлүмүнөн 21 жаштагы жарандын сөөгү табылды

Ош облусунун Ноокат районунда багажниктен эркек кишинин жансыз денеси табылды. Шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда белгиленгендей, 23-майда Ноокат районунун Алашан айылынын 1983-жылкы  тургуну 2000-жылы туулган иниси Б.у.Аны издөөгө жардам сурап, арыз менен милицияга кайрылган. Анын иниси Daewoo Lacetti үлгүсүндөгү унаасы менен кетип, кайра кайтып келген эмес.

Издөө учурунда жоголгон адамдын унаасы Көк-Жар айылындагы “Ака-Ука” чайканасынын жанынан табылган. Унаанын багаж бөлүмү ичинен Б.у.А.нын зомбулук өлүм белгилери менен жансыз денеси табылган.

Киши өлтүрүүгө шектелип, 20 жаштагы Т.Ж. жана 17 жаштагы Т.А.кармалды.

Факт бирдиктүү реестерге катталып, сотко чейинки процесстер баштатылды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.