Ноокатта таяк жеп каза болгон жарандын жакындары соттордун чечимине каршы

Ур-токмоктун айынан каза болгон маркум Ахмадулло Абдыкадыровдун ата-энеси, аялы жана жакындары, Ноокат районунун сотторуна нааразылыгын айтып чыгышты. Маркум үстүбүздөгү жылдын март айында Бостон айылынын тургундарынын колунан  мерт кетип, бирок күнөөлүлөр тийиштүү жазасын албай жатканына нааразы.

Нааразы тараптын айтымында шектүү катары жалпы 14 бала кармалып, тергөөнүн жыйынтыгы менен алардын 11и үй камагына чыгарылган. Ал эми калган үчөөнүн дагы бири үй камагына чыкканы турат дешет.

Маркумдун жакындарынын айтымында  чыныгы ургандар үй камагына чыгып кетишкен. Катардагы күбө болгондор атайын кармоочу жайда отурат. Бул маалыматтын чын төгүнүн тактоо үчүн Ноокат райондук сотунан жооп ала алган жокпуз. Ишти карап жаткан сот эс алууда экенин билдиришти.

Маалыматка караганда март айынан бери 9 жолу соттук отурум болгон.

Нааразы тараптын айтымында шектүүлөрдү үй камагына чыгарууда соттор маркумдун өкүлдөрүнун пикирин уккан эмес. Процесс учурунда да аларга сөз берилбей, суроолоруна сот тарабынан жооп ала албай жатканын билдиришти. Ошондуктан соттор калыс карасын деп талап кылышып, жардам сурап президентке кайрылышты.

Белгилей кетсек, окуя  30-мартта  болгон. 32 жаштагы Ахмадилла Абдыкадыров коңшулаш Бостон айылындагы 17 жаштагы кызга барып, таяк жеп өлгөнү такталган. Абдыкадыровдун болсо  өзү үй-бүлөлүү, үч баласы бар экени кабарланган.

Бул факт боюнча Ноокат райондук ички иштер башкармалыгы кылмыш ишин козгоп, 10 адамды кармап, бешөөнө издөө жарыялаган. Кийин иш сотко өтүп, карала баштаган эле

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген