Ноокатта өрттөн бир адам каза болду

Ош облусунун Ноокат районундагы Барын айылында үйдөн өрт чыгып, бир жаран каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен үйдүн 20 чарчы метр бөлмөсү толугу менен күйүп кеткен. Каза болгон жаран 44 жашта болгон.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда өткөн сутка ичинде 8 өрт кырсыгы катталды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген