Ноокатта мөндүрдүн кесепетинен 3 млн сомдой чыгым болду

Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагынд 5-июнь күнү саат 16:30 чамасында  жаап өткөн жаан-чачындан келтирилген чыгым 3 миллион сомго жакындады . Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди. 

Мөндүрдүн кесепетинен 15 турак үйдүн чатырынын 140 даана шифери, 270 даана ондулини жараксыз абалга келген.  Андан сырткары мөмө-жемиштерге, эгиндерге жана бак-дарактарга зыян келтирген.

ӨКМ  кызматкерлери жана Жарандык коргонуу комиссиясы  келтирилген материалдык чыгымдарды эсептөө иштерин жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында тилсиз жоонун кесепетинен  75 гектар  мөмө-жемиш дарактар, 13гектар эгин талаалар зыянга учурап, материалдык чыгым 2 640 000 сомду түзгөн. Жалпы айыл аймак боюнча  чыгым болжол менен 3 миллион сомго жакын сумманы түзүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген