Ноокатта мүмкүнчүлүгү чектелген балдар спортто күч сынашты

Кечээ, 3-декабрда Ноокат районунда мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн спорттук мелдештер өткөрүлдү. Иш чараны райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы менен “Жаш ниет” коомдук бирикмеси уюштурган.

Мелдеште аталган райондогу мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, шахмат, шашки,  кол күрөш боюнча күч сынашты. Мындан сырткары, сүрөт тартышып, ыр ырдап, аспаптарда кол ойнотуп, бийлеп өнөрлөрүн тартуулашты.

Жыйынтыгында балдарга түрдүү белектер тапшырылды. Бул 3 –декабарь майыптыр күнүнө карата өткөрүлүп, максаты өзгөчө балдарды коомго тартуу менен алардын көңүлүн көтөрүү болгон.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген