Ноокатта коронавирус менен дагы 2 адам катталды

Ноокат районунда коронавирус менен дагы 2 адам катталды. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Маалыматка ылайык, алар 1960-жылы төрөлгөн аял жана эркек. Вирусту жуктургандар кичи ажылыктан келгендер. Учурда алар менен байланышта болгондор аныкталып жатат.

Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 16га жетти. Алар: 7 эркек, 9 аял. Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 8 адам, Ноокат району – 5 адам жана Бишкек шаарында – 2 адам. Бейтаптардын арасынан Жалал-Абад облусунда дарыланып жаткан эки адамдын абалы орточо оор деп аныкталып, 1949-жылкы эркек-бейтап жандандыруу бөлүмүнө которулду. Ал эми калган 12 бейтаптын абалдары канааттандырарлык. Булар менен карым-катнашта болгон 2628 адам табылып, үй карантинине алынды.

Коронавирус Америкада катуу жайылууда

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген