Ноокатта көп кабаттуу үй курулуп жатат. Фото

Ош облусунун Ноокат районунда көп кабаттуу үй курулат. Бул тууралуу “Ынтымакка” Ош ЖИАдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, көп кабатуу үй заманбап курулуш тармагындагы жаңы ыкмалар менен салынат. Анда жер алдындагы унаа токтотуучу жай, лифт, металлопластик терезелер, брондолгон каалгалар, борбордук жылуулук системасы, Чех технологиясы менен курулган агынды сууну тазалоочу система, видео көзөмөл сыяктуу артыкылыктар каралган.

Турак жай комплекси жек ишкер тарабынан демилгеленип, жыл соңунда пайдаланууга берүү пландалууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген