Ноокатта демилгечилер ооруканага 1,5 миллион сомдук каражат алып беришти

Ноокат районунунда “Кыргыз-Ата ынтымагы” фонду ЭЛСОМ капчыгы аркылуу 1 жарым миллион акча каражатын топтоп, Ноокат районунун аймактык ооруканасына медициналык каражаттарды алып беришти. Бул тууралуу “Ынтымакка” Өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган фонд 2 даана тепловизор, 531 даана дарыгерлерлерге коргонуучу жалпы кийим (көз айнек, кол кап, баш кийим, желим өтүк), 15 5000 даана медициналык кол кап, 80 литр антисептик, 50 даана атайын өтүк, 145 даана бахила, 3 100 даан коргоочу баш кийим алып беришкен.

Аталган фонд буга чейин дагы обсервацияга алынган жарандарга шарт түзүп берүү үчүн жаңы төшөк-шейшептерди алып беришкен.

Белгилей кетсек, Ноокат районунда коронавирус илдетин жуктуруп алган 3 жаран бар. Бүгүнкү күндө район аймагында өзгөчө абал киргизилген. Демилгелүү жаш активисттер айылдарда дезинфекциялоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Ноокат эли жаңы тез жардам унаалуу болушту

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген