Ноокат шаарынын мэри менен шаардык кеңештин депутаты кармалды

Ноокат шаарынын мэри Н.Ж.А. жана экс-спикер, учурда Ноокат шаардык кеңешинин депутаты Г.А.М кармалышты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Алар КРнын кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча бирдиктүү реестрге катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө жана ыкчам иш-чаралардын комплексинин жүрүшүндө кармалышты.

2017-жылдан 2021-жылдын июнь айына чейин мэриянын жооптуу адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, бюджетке 15 миллион 43 миң 720 сом зыян келтиргени аныкталган.

Көрсөтүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында күнөөлүүлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана бюджетке белгиленген зыяндын ордун толтуруу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.