Ноокат районуна блок посттор орнотулду

Ноокат районунун  аймагына посттор орнотулду. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

2020-жылдын 20-март күнү Ноокат районунунун аймагына өзгөчө кырдаал киргендигине байланыштуу Ош ОИИБ тарабынан райондун аймагындагы Жаӊы-Ноокат жана Зулпуев айыл аймактарына коюлган посттор менен бирге жалпы 35 жерге блок посттор коюлду. Мындан ары бул жерлерде  24 саат боюу тынымсыз түшүндүрүү иштери улантылат.

“Бул иш чаранын негизги максаты : элибиздин ден соолугуна кам көрүп , коронавирустун мындан аркы таркашына бөгөт коюу”,- деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ОШ ОИИБ аталган райондун конокторуна жана жашоочуларына кайрылып, көрүлүп жаткан аракеттерге сый мамиле жасап, чектөөлодү түшүнүү менен кабыл алууларын суранат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген