Ноокат: Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн эли башчысын жер сатууга айыпташууда

Оштун Ноокат районундагы Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысы Шухрат Гапаров жергиликтүүлөргө делген жер тилкелерин сатып жиберген.  Бул тууралуу айыл аймактын жашоочулары айтып чыгышты.

Тургундардын билдиришинче, 40 жылдан бери чек ала албай жүргөндөр бар. Жер бөлүнгөн учурда дагы Шухрат Гапаров акчалууларга сатып жиберет.

Мен 1974-жылы жер алуу боюнча арыз жазгамын. Ошондон бери чек ала элекмин. Жакында менин атыма чек бөлүнгөнүн угуп калдым. Анан мамлекеттик каттоо кызматына барсам, сиздин атыңызга жер берилген дешти. Көрсө ал жер тилкесин айыл өкмөт башчы башкаларга сатып жиберген экен”,-деди айыл өкмөт тургуну Абдуфаттох Эргашов.

Ошондуктан бул жагдайды Президент Сооронбай Жээнбеков өз көзөмөлүнө алса дешүүдө.

Ал эми айыл өкмөт башчы менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Анын орун басары Дастанбек Адилбеков арыздангандардын сөздөрү чындыка дал келбейт деп билдирди.

2009-жылы суулу жерлерге мараторий жарыялангандан бери бир да жаранга чек бөлүнүп берилбеди. Учурда бир жарым миң жарандын жер алуу боюнча арыздары турат. Маалымат жыйынга баргандардын каралоолору жөн гана көрө албастык”,- деп кошумчалады Адилбеков.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген