Ноокат килеми кантип токулат? Видео

“Демге-дем” медиа борбору Кыргызстандагы элеттик ишкер айымдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында атайын репортаждарды даярдады. Долбоордун негизги максаты жашы 40тан илгерилеп  калган ишкер айымдардын кызматын, өз колу менен жасаган буюмдарын же товарларын интернет аркылуу таанылтуу жана жаңы кардарларды табууга көмөктөшүү. Кыргызстандын аймактарында экономикалык оор абалга, чектөөлөргө карабай, элдин жашоо деңгээлин жогорулатууга умтулуп, түрдүү кыйынчылыктарды жеңип, өлкөбүздүн тагдырына кайдыгер эмес,  өнүгүүсүнө салым кошкон айымдардын ийгиликке жетүү жолун баяндайт.

Долбоордун катышуучуларынын бири Жамила Таштемирова.

 

Созолонто ырдап да койгон Ноокаттык  апалардын максаттары ырчылык кылуу эмес. Алардын негизги максаты кылымдардан бери келе жаткан кыргыз кол килемдерин өнүктүрүү. Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Бел-Өрүк  айылынын ишкер  айымдарынан топ түзүп, иштешип баштаганына 20 жылдан ашты.

Тоту Абдраимова  – “Кыял” ууз айымдар тобунун мүчөсү: Биз 1995-жылдан бери иштейбиз, бул жерде. Биз ошондон бери эле кыбырап, иштеп жатабыз. Чоң килемдерди жасап сатып деле жүрөбүз.Азыр эми кыздардын себин жасап, жатабыз көбүнчө.Жүндү жууп тазалап, андан жип ийрип,  ошентип жүндөн ар түрдүү буюмдарды, килемдерди,жайнамаздарды жасайбыз.

Топтогу айымдардын ар кимисине тиешелүү болгон жумуштары бар. Тоту эне ийрик ирип берсе, башкалары килем токушат. Дегинкиси, бош отурган айым жок. Баарысы өз иштери менен алек. Негизи кол менен килем токуу чоң түйшүк. Жалгыз айымдын колунан келчү иш эмес.

Асилкан Жумашева –  “Кыял” ууз айымдар тобунун мүчөсү:  Биринчи мына темирди сатып алганбыз. Аны буюртма берип, жасатканбыз. Бул болбосо килем курулбайт. Мынаны болсо даяр сатып алабыз. Бул эриш деген болот. Буну жугуруп алып, андан кийин мына аркакты байлайбыз.Аны өткөрүп даярдайбыз. Жүндөрдү таап келип, боеп аны анан даярдайбыз. Андан кийин, ага жараша гүлдөрдү тандайбыз.

Килем токууну жалпысынан 5 аял колго алган. Алардын улуусу 70тен өйдөлөп калса, кичүүсү 50дөн ашкан. Кызыгы баарысы Баатыр энелер. Бирок, алар ынтымакта, келген буюртмаларга ылайык өз иштерин так аткарышат. Таң азандан, кечке дейре бул жерде чеберчилик кылышып, кечкисин үй-тиричиликтерине да үлгүрүшөт. Сапаттуу килемдин өзөгүн, мыкты тандалган жип түзөт. Ал эми бул айымдар жипти да өздөрү  нукура койдун жүнүнөн ийришип, боёп жасап алышат.  Апалар бир эле жүндү боё ыкмасын төмөндөгүчө түшүндүрүшөт:

«Казанды коюп, отту жагып, сууну куюп, анан  ага өзүнүн атайын раңы болот, ошону, туз, аки ташы бар аларды кошуп аралаштырып кайнатабыз. Анан тазаланып, жуулган жүндү салабыз, 5-10 минут кайнаткандан кийин атайын идишке салып, дымдайбыз. Дымдалып 1 саат тургандан кийин раңга кирип калат. Кийин кургатып алабыз. Ошентип жип даяр болуп калат»

24 –жыл мурун түзүлгөн ишкер айымдар тобунда башынан баары мыкты болгон дегенге болбойт. Килем токуу оор түйшүк болгондуктан, кыйынчылыктарга алгач бир топ эле туш болушкан. Бирок айымдардын аракети жана эмгеги менен элге таанылып, кардарларын таба башташкан.

Саахадат Артыкова – “Кыял” ууз айымдар тобунун мүчөсү: Башында ушул Жамила эже ушинтип баштайлы деген. Анан ар бирибиз 2 килодон жүн табып келгенбиз эле. Анан ар жактан өзүбүздүн тууган уруктардан сураштырып жүн табып, керектүү буюмдарды тапканбыз. Оо мезгилде эч ким килем токубайт эле, баары жүндөрдү чыптага салып эшикке апчыгып салышат эле. Биз топтоп апкелгенбиз.Продуктуларды да топтоп үйлөрүбүздөн алып келип, бул жерде жейт элек. Кыйынчылык эле. Биринчи жолу килем тигип, ага 200 сомдон пул алганбыз.

Айылда жумушсуз олтурган чебер, уздарды топтоп, атайын топ түзүп, бүт иштин жоопкерчилигин өз мойнуна алган ишкер айым Жамила Таштемирова. Ал алгач килемди токуу үчүн керек болгон бардык каражаттарды, андан соң даяр болгон буюмду  сатуу үчүн кардарларга чейин табат. Алар үчүн чоң көлөмдөгү килемдерди сатуу оор. Себеби нукура табигый жиптерден кол менен жасалган килемдердин наркы да жогору. Базар экономикасына ылайык, чет жерден келген килемдер арзан болгондуктан, атаандаштык жогору. Бирок кичинекей килемчелер жана намаз окууга ылайыкталган жайнамаздардын кардарлары кенен. Ар түрдүү кыргыз улуттук оймо-чиймелери түшүрүлгөн килемдердин кооздугу эле эмес, анын сапаттуулугу да алдыда.

Жамила Таштемирова  “Кыял” ууз айымдар тобунун төрайымы:  Азыр көзүңөр көрүп Түркия, Кытай сыяктуу өлкөлөрдүн килемдери көбөйүп кетти. Бирок алар жалтыраган менен Кыргызстандын колго жасалган килемдерине жетпейт. Кыргызстандын килемдери тушунгон адамдарга караса абдан пайдалуу. Өтө ден соолукка пайда берет. Кышта жылуу болот. Нукура жүндөн жасалгандыктан баалуу. Негизи жүн абдан пайдалуу  жана баалуу буюм экен да.

“Кыял” ууз айымдар тобунун аталышы да жөн жерден эмес. Келечектеги кыялдар орундалып, кардарлардын кыялындагы буюмдардын жасалышы тилек кылып коюлган. Максаттар аткарылып, топтун алдыга карата коюлган эң маанилуу максаты ишке ашууда. Алар чет элдик уюмдардын колдоосу менен, атайын жүндү кайра иштетип чыгыруучу станок алууну көздөшкөн. Максаттары орундалып, алар каалаган Германиядан чыгарылган жүндү кайра иштетип чыгаруучу станок берилди. Жакында жаңыча ыкма менен айымдар килем токууну башташканы турат.

Жамила Таштемирова  – “Кыял” ууз айымдар тобунун төрайымы: Бул жерден жүндү салат экенбиз. Бул жерден болсо,  жипти ийрип чыгарат экен. Ал бул жерден жипти тытып берет экен бул апарат. Ал эми бул апарат кийиз жасайт. Ал  6 кг чейин кийиз жасап чыгат экен.

Заман талабына жараша чоң энелерге кардар табуу учурда көйгөй деле эмес. Уюлдук телефон, сыналгыдан көрүшүп да буюртма бергендер көбөйдү. Кардарлар өз үйүндө отуруп эле, чеберлерге өздөрү каалашкандай килемди буюрта алышат. Өзгөчө “Демге дем” медиа борбору тарабынан өткөрүлгөн семинарлардан кийин, алар социалдык тармактарга атайын өз баракчаларын ачышып, кардарларын таба башташты.

Жамила Таштемирова  – “Кыял” ууз айымдар тобунун төрайымы:  Азыр эми таксисттер каттап жатат, Бишкекке каяка чейин десең, жада калса Москвадан бери. Бизге буюртма берсе эле болду, биз даярдап, таксиге салып жөнөтуп да беребиз. Мисалы чоң килемди бир айга чейин бүтүрүп кайра жөнөтүп жиберебиз.

Демек, элеттик айым ишкерлер да заман талабына ылайык өнүгүү жолунда. Болгондо да жалаң Баатыр энелерден куралган топтун иши алга карай жүрүүдө. Бирок алар тынымсыз аракет жана көптөгөн изденүүлөрдүн артынан чоң ийгиликтерди багынтышууда. Башка жаш жумушсуз олтурган келиндерге чоң энелердин жасаганы чоң сабак болсо.

«Бул макала «Элеттик аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында журналисттер менен аялдардын биригүүсү» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын каржылык колдоосу менен даярдалган. Бул жерде келтирилген сунуштар, корутундуулар жана пикирлер, авторлордун оюн гана билдирет. АКШ мамлекеттик департаментинин көз карашына дал келбеши мүмкүн»

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген