Ноокат: Кара-Таш айыл өкмөтүндө 750 кожолукка таза суу жеткирилди

Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүндө 12  чакырымга жакын жаңы суу түтүктөрү тартылып, 750 кожолукка таза суу жетти. Аталган аймакта буга чейин 2 сааттан 4 саатка чейин гана суу берилип турган. Долбоор “MSDSPKG” коомдук фондунун каржылоосу менен ишке ашып, 1,5 миллион сом керектелген.

Айылдагы эски суу түтүктөр линиясы 1972-жылы 350 кожолукка эсептелип, 32 жерге колонка орнотулган. Бирок жаңы конуштар пайда болгондуктан 1304 кожолук таза сууга муктаж болгон. 2016-жылы Таштак участкасында 1350 метр жерге суу түтүктөрү тартылып, 20 кожолук эсептегич орнотуп, күнүнө 6 саат суу алууга жетишкен.

Айыл эли арыктагы суудан ичкендигине байланыштуу аталган аймакта жайгашкан №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна буга чейин ар кандай оорулар менен көп кайрылышкан. Учурда бул борборго дагы суу жеткирилген. Ысык, муздак суу чыгып турат.

Кара-Ташта жалпысынан 1706 үй-бүлө жашайт. 4 орто мектеп, 2 бала бакча, 1 медициналык пункт бар. Буга чейин айылдын жашоочуларынын 23,4 пайызы гана таза суу менен камсыз болгон. Калган 66,6 пайызы айылдын ичинде агып жаткан арык каналдардан аккан сугат суудан пайдаланып келишкен. Ал эми социалдык объектилерге таза сууну башка жактардан ташып алып келишкен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген