Ноокат эли жаңы тез жардам унаалуу болушту

“Эмаком” курулуш компаниясы Ноокат элине тез жардам унаа алып берди. Бул тууралуу  “Ынтымакка” компаниянын өкүлү Орозбек Осмонбек уулу билдирди.

Ноокаттыктарга көмөк көрсөтүү демилгеси компаниянын президенти Эмилбек Жусуповго таандык.

“Тез жардам унаасынан тышкары 15 миң даана бет кап да берилди. Биз, “Эмаком” курулуш компаниясынын кызматкерлери элибиздин вирусту жеңип чыгышына тилектешпиз”,- деди аталган компаниянын кызматкери.

Саясатчылардан жана ишкерлерден тышкары коронавирус менен күрөшүү үчүн элге көмөк көрсөтүүнү каалаган ыктыярчылар калк арасынан да чыгып жатат. Алсак, ноокаттык тикмечи энелер үйдөн беткаптарды тигип, муктаждарга таратууда. Бул тууралуу ыктыярчылардын бири Ташбү Жамиловна “Ынтымакка” кабарлады.

“Айыл өкмөтү бизге беткапка керектүү материалдарды алып келип жатат. А биз аларды бекер тигип берип атабыз”,-деди Ташбү Жамиловна.

Андан тышкары Ноокаттагы мээримдүү ыктыярчы энелер тарабынан постто турган тартип сакчыларына ысык тамактар уюштурулду.

“Бул демилгени биз, энелер өзүбүз көтөрүп, постто турган коопсуздук кызматкерлерине 3 маал тамак берип жатабыз. Азырынча 4-апрелге чейин тизме түзүп, тамак даярдап жатабыз. Эч ким эч кимди мажбурлап даярдаткан жок. Нөөмөт менен тамак даярдаган аялдардын баары ыктыярчылар, өз каалоолору менен келип, ал гана эмес, мен  качан даярдайм дегендери да бар. Элибизди ушинтип колдоону чечтик”,- деди ыссык тамактын демилгечиси Ташбү Жамиловна.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген