Ник Вуйчич эгиз кыздуу болду. Ымыркайлар энесинин туулган күнүндө төрөлдү

Ник Вуйчич жарыкка жаңы келген эгиз ымыркайларын өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу дүйнө элине көрсөттү.

”Биздин эгиздерибиз Улуу жана кудуреттүү Кудайдын ырайымы менен 20-декабрда – апасынын туулган күнүндө  жарыкка келишти. Кыздарыбызга Оливия Мэй жана Элли Лорел деген ысымдарды ыйгардык. Экөөнүн аралыгы эки мүнөт, салмактары болсо эки килограммдан бир аз көбүрөөк. Кудайга шүгүр, жубайым жана кыздарымдын ден соолуктары жакшы. Сыйынып турганыңыздар үчүн рахмат,”- деп билдирет эгиздердин атасы.

 

Ник жубайы менен 2012-жылы 12-февралда баш кошушкан. Туура бир жылдан кийин, 2013-жылдын 13-февралында алардын тун уулу Киёси Джеймс Вуйчич төрөлгөн. 2015-жылы 7-августта болсо үй-бүлө мүчөлөрү дагы бир адамга көбөйүп, экинчи баласы Деян Леви жарыкка келген.

Ник Вуйчич тубаса колу-буту жок төрөлгөн, бирок ошого карабай жашоодон үмүтүн үзгөн инсандарды шыктандырып келет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген