Нидерландыда 4 жашында барышат. Окуу мезгили ар кандай башталган өлкөлөр

Бүгүн, 1-сентябрда мектептерде билим күнү майрамдалууда. Китеп, дептерин колуна алып, мектепке шашкан окуучулардын катышуусунда өткөн биринчи коңгуроо майрамы бул жолу 1-класс окуучуларынын гана катышуусунда өттү. Бул майрам көп убакыттан бери дал ушул күнү белгиленип келет. 1984-жылдан баштап расмий болгон.

Билим күнү дүйнө жүзүндө кандай жана качан белгиленет?

Улуу Британияда “болжол менен” 1-сентябрда башталат.Тактап айтканда күз семестринин башталышын жергиликтүү бийлик 30-31-августтан баштап 3-4-сентябрь аралыгында жуманын кайсы күнүнө туш келбесин белгилеши мүмкүн. Окуу күнүнүн башталышы жергиликтүү элдин майрамынан көз каранды.

Улуу Британия, окуунун башталышы

 

Чехияда линейка болбойт, бирок окуунун биринчи күнү окуу да болбойт. 1-класстар үчүн клоундардын катышуусунда концерт уюштурулат. 6 жаштан мектеп босогосун аттаган окуучулардан окуу жана жазуу жөндөмү талап кылынбайт. Болгон талап психолог менен баарлашышы керек. Психолог баланын мектепке болгон эмоционалдык абалын аныктайт.

Чехиядагы мектеп

 

Германияда окуу августтун аягы же сентябрдын башында федералдык бийлик тарабынан бекитилген күнү башталат. Жылда белгилүү бир күнү башталыш керек деген нерсе жок. Көбүнчө балдар каникулун болушунча ачык асман, күндүн астында өткөрүшү үчүн жаан-чачын сезонунун башталышына карап окуу жылынын датасы белгиленет.

Германиядагы мектептердин бири

 

Японияда окуу жылы апрель айында башталат. Бул убакта жаратылыш  жаңыланып, бардык жерде сакура гүлдөйт. Балдар 6 жашында бала бакчадан кийин мектепке кабыл алынат.1-апрель күнү мектепке барышып, 1 жумадан кийин сабактар башталат.

Япониядагы мектептердин бири

 

Ал эми Нидерландыда бала 4 жашка толгонунда туулган күнүнүн эртеси күнү мектепке барат. Эгерде баланын туулган күнү каникул учуруна туура келип калса, юф-эжеке мектепте экскурссия кылып тааныштырып чыгып, баланы күздөн теңтуштарына кошот. Голландияда биринчи класстар бала бакчадагы группаларга окшош. Негизги айырмасы тарбиячынын эмес, мугалимдин көзөмөлүндө болот.

Нидерландыдагы мектеп

 

Ата-энелер: Аралыктан окутуу негативдүү эмоцияларды күчөттү

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.