“Негизги жолду” “СТОП” деген белги деген айдоочу Видео

Жол кырсыктары соңку жылдарда Кыргызстандагы негизги көйгөйгө айланды. Унаа кырсыктарынан жапжаш өмүрлөр кыйылууда. Кырсыктардын көбү катуу ылдамдыктан улам деп айтылат. Мунун баарына ким күнөөлүү? Албетте  жол эрежесин толук  сактабаган айдоочулар  менен жөө жүргүнчүлөр.Жол эрежелери- бул шаарларда жана калктуу конуштарда жол кыймылынын бардык катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылууга жана тартибин сактоого багытталган жоболор.

Сиз жол эрежесин жана жол белгилерин билесизби?  Айрым айдоочулар негизги жолду стоп деген белги деп айтып жатышат. Мындан улам айдоочулук күбөлүктү окуп алдыбы же сатып алдыбы? деген суроо жаралат. Жол белгилерин, эрежелерин билбей туруп жүргүнчүлөрдүн жана өзүнүн коопсуздугуна кооптуу экенин билсе дагы кенебестике алып жүрө беришет.

Эгерде жол эрежесин билбеген болсоңуз “Ынтымак” телеканалынан айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөр үчүн арналган “Эреже+”программасын биздин эфирден жана YouTube каналдан көрүп үйрөнүп алсаңыздар болот.

Жол белгилери жөнүндө таанышып алыңыз. Дароо айтып коёлу. Бул жол эрежеси айдоочулар үчүн эмес жөнөкөй жөө жүргүнчүлөр үчүн дагы керек.  

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген