“Нефтчи” “Худжанд” клубунан утулуп, АФК кубогу менен коштошту

Кочкор-Атанын “Нефтчи” командасы АФК кубогунун тандап алуу баскычында Тажикстандын “Худжанд”  клубунан 3:0 эсебинде утулду. Эки команданын оюну кечээ, 26-февралда Душанбедеги борбордук стадиондо өттү. 

Беттеште үй ээлери 34-мүнөттө эсепти ачып, алдыга чыкты. Ал голду команда капитаны Дильшод Бозоров киргизди. Андан кийин башка гол жаралбай, беттеш 1:0 эсебинде “Худжанд” командасынын пайдасына аяктады.

Эске салсак, эки команданын 1-беттешинде “Нефтчи” Жалал-Абадда “Худжандды” 1:0гө уткан эле.

Ошентип, эки оюндун жыйынтыгы 1:1 болгондуктан, кошумча убакыт берилди. Анда, ошол эле Дильшод Бозоров “Нефтчи” дарбазасына дагы 2 гол киргизип, командасын АФК кубогуна алып чыкты.

Эми  АФК кубогунун “D” тайпасында  Туркмөнстандын чемпиону “Алтын-Асыр”, Кыргызстан чемпиону “Дордой” жана Тажикстандын “Истиклол” менен “Худжанд” клубу күч сынашат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген