Нефть уурдоого шектелип, “Кыргызнефтегаздын” 5 кызматкери жумуштан четтетилди. Бирок алар айыптоого макул эмес. Видео

Азамат Артыков жумуштан айдалгандардын бири. Аны нефть уурдоого аракет кылган деген негизде жумуштан бошотушкан. Артыков буга чейин Кочкор-Атадагы нефть базадан, Жалал-Абад шаарындагы аны кайра иштетүүчү заводго сырье айдоочу насостук станциялардын биринде иштеп турган.

“Биз “Кайрыма” деген насостук станцияда нөөмөт менен иштечүбүз. Бир күнү эле комиссия келип, кампаны текшерип, силер нефть кымырып калгансыңар деп акты түзүп кетти. Эртеси эле биздин баарыбызды иштен алып салыптыр. Ал жерде насос нефтини айдагандан кийин, артка кайтып кетпеши үчүн клапын бар. Ошол бузулуп нефти кампага кайтып кеткен экен.Ушул себеп үчүн бизди жумуштан алып салышты. Буларга биздин ордубуз эле керек болгон”,- деп нааразы.

Ал эми “Кыргызнефтегаз” ААКсынын төрагасы Рашит Бостонов аларды жумуштан эле албай, алдыда укуктук баа берүү боюнча ички иштер органына кайрылганын маалымдады. Анткени жумуштан айдалган 5 кызматкер, өздөрү иштеген насостук станциядагы кампага 6, 5 тонна нефть кымырып калган.

“Балдар азыр айласы кеткенде гана клапын иштен чыккан болчу деп жатат. Бирок буга чейин бир жолу да анын бузулуп жатканы боюнча билдирүү жасашкан эмес. Комиссия нефти уурулук боюнча текшерүү жүргүзүп жатып, жыйынтыгында алардын 6, 5 тонна нефтини кымырып калганын аныктады”,- дейт төрага.

Учурда жумуштан алынгандар аталган ишкананын профсоюздук комитетине кайрылуу жасашкан. Азырынча анын жыйынтыгы чыга элек.

“Эгер кызматкерлердин айрымдары жумуштан негизсиз алынган болсо, алардын жумуш орду калыбына келтирилет”,- деп билдирет “Кыргызнефтегаз” ААКнын профсоюздук комитетинин төрагасы Акынбек Раимкулов.

Аталган ишканадан билдиришкендей, бул факты боюнча Жалал-Абад ОИИБ тарабынан иликтөө иши башталган.

Эске салсак, өткөн айда нефти өтүүчү түтүктөрдөн 300 тонна сырье уурдалып, шектүүлөр да аныкталган. Бирок уурулар ушул күнгө чейин кармала элек.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген