Назарбаевдин кызы Казакстандын парламентинин төрайымы болду

Казахстандын парламентинин төрайымы болуп Дарига Назарбаева шайланды. Сенаторлор жашыруун добуш берүүдө, анын талапкерлигин бир добуштан колдоп беришти. Бул тууралуу маалыматты казакстандык tengrinews.kz сайты жарыялады.

Маалыматка ылайык, мындай чечим Президенттик кызматка бүгүн, 20-мартта киришкен Касым-Жомарт Toкaевдин сунушунан кийин болду. Назарбаева шайлангандан кийин депутаттарга ыраазычылыгын айтты.

“Мен, сиздердин көрсөткөн ишенимиңиздер үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Өзгөчө, биздин өлкө тарыхынын оор учурунда, өлкөнүн коомдук жана саясий турмушунда парламенттин ролун абдан жакшы билем”-деди Д.Назарбаева.

Белгилей кетсек, Дарига Назарбаева Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин тун кызы. Ал Казакстан парламентинин 7-чакырылышда депутат болуп шайланган.

Нурсултан Назарбаев 19-мартта Президенттик кызматтан кеткен. Бирок, ал өлкөнүн коопсуздук кеңешинин төрагалык кызматында калат. Ал 1990-жылдан тартып өлкөнү башкарып келген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.