Назарбаевдин кызматтан кетишинен кийин Казакстанда долларга болгон суроо-талап күчөдү

Нурсултан Назарбаев Президенттик кызматтан кетээрин жарыялагандан кийин, Казакстанда долларга болгон суроо-талап күчөгөн. Бул тууралуу “Коммерсанть” жазып чыкты.

Басылманын маалыматында, акча алмаштыруучу жайларда америка долларынын курсу жогорулаган, айрымдар валютанын жоктугуна байланыштуу сатууну токтоткон. Валюта курсу 378ден, 387 тенгеге чейин өскөн.

Буга байланыштуу Казакстандын Улуттук банкынын кызматкери Александр Терентьев өзүнүн Facebookтагы баракчасына теңгенин курсу туруктуу экенин жарыялады.

“Казакстан Республикасынын Улуттук банкы, абал туруктуу жана теңге тооруктарындагы курсту негизсиз азайтуу үчүн эч кандай себеп жок экендигин билдирет. Казакстан Улуттук банкында жана экинчи ярустуу банктарда элге жана уюмдарга суроо-талап боюнча накталай акча жетиштүү көлөмү бар. Казакстан Улуттук банкы теңгенин алмашуу курсун кармап туруу жана аны мүмкүн болушунча кыска мөөнөттүү өзгөрүүлөрдү текшилөө үчүн бардык зарыл чараларды кабыл алууга даяр. Ички жана тышкы экономикалык себептер да теңге курсунун туруктуулугуна салым кошууда”,-деген А.Терентьев.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 19-мартта теле аркылуу элге кайрылып жатып, мамлекет башчылыктан кетүү жөнүндө чечим кабыл алганын билдирген. Бирок, ал өлкөнүн коопсуздук кеңешинин төрагалык кызматында калды. Шайлоого чейин президенттик милдетти парламент сенатынын спикери Касым-Жомар Токаев аткарат.

Белгилей кетсек, ал 1990-жылдан тартып өлкөнү башкарып келген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.