National Geographic сайтында Ноокаттык улакчынын элеси күндүн сүрөтү аталды

Өзүнүн кооз сүрөттөрү менен коомчулукка таанылып келе жаткан Түркиялык жигит Зафер Динчер, эми Кыргызстандын көлдөрүн тартууну максат кылат. Алдыңкы убакытта Зафердин аракети менен биз көрө элек көлдөрдүн сүрөтүн көрүп калышыбыз мүмкүн. Ал буга чейин кыргыздын кооз жерлерин, улуттук оюндарын, нукура кыргыз өңүн чагылдырган сүрөттөрү аркылуу интернет айдыңында коомчулуктун кызыгуусун жаратып келет.

Зафер мырзанын негизги кесиби физика мугалими. Он беш жылдан бери Кыргызстандын аймактарында мугалим болуп эмгектенип келет. Бирок коомчулук аны фотограф катары тааный баштады. Ал кыргыздын улуттук оюну болгон аламан улак, көк бөрү, кыз куумай, ордо жана башка оюндарындагы өзгөчө  кооз кадрларды кармап калууну жактырат. Учурда түрк досторума караганда кыргыз досторум көп деген Заферге  ар тараптан чакыруулар келип турат.

Зафер мырза сүрөтчүлүк кесибинин аркасында Кыргызстандын кооз жерлерин кыдырып келет. Анын сүрөттөрү конкурстардан байгелерди албаса да, Ноокатта тартылган  “Улакчы” деген сүрөтү дүйнөлүк “NATIONAL GEOGRAPHIC” сайтында күндүн сүрөтү деп табылган. Андан сырткары гезит, журналдарда сүрөттөрү чыгып келет.

Түркиялык жигит өзүн мыкты фотограф деп эсептебейт. Бирок ал “Менин сүрөттөрүм элдердин ынтымагын арттырат”-деп ишенет. Эми жайкы каникулда Кыргызстандагы көлдөрдү, андагы кооздукту чагылдырууга максат коюп жатат.

Бул сүрөттөр Түркиялык жигит Зафер Динчерге таандык.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген