Нарматова: ВИЧти алып жүргөндөр өз ара үй-бүлө курушууда

Ош шаарында ВИЧ илдетин алып жүрүүчүлөрдүн саны 1048 ди түзөт. Ал эми облус аймагында бул сан 1448 ге жетет. Бирок көрсөткүч мындан да көп болушу мүмкүн. Анткени өз статусу жөнүндө билбей, көмүскөдө жүргөндөр да бар. Мындан улам ооруну аныктоо багытында кандай иштер болуп жаткандыгы туурасында Ош облустук СПИДке каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунун башкы дарыгери Элмира Нарматованы маекке тарттык.

– Элмира айым айтсаңыз учурда Ош шаарында абал кандай?

– Бул илдет алгачкы ирет 1996-98-жылдары баңги затын колдонгон жарандан табылган.  Мурун ВИЧ  бир гана аярлуу топтордун (баңгилердин жана секс кызматкерлери) арасында гана катталып келген болсо, азыр ар бир адамдын бул илдетке чалдыгып калуу коркунучу бар. Андыктан ар бир жараан өзүнө сак болуп, жыныстык өнөктөшүнө ишенимин сактап, кокустан болуучу жыныстык катнашта презерватив колдонуушу керек. Мындан сырткары, медициналык мекемелерге кайрылганда колдонулуучу жабдыктардын стерилизациялангандыгын талап кылуусу керек.

-Өз статусун билбей жүргөндөр бар деп жатасыз,аларды кантип аныктап жатасыздар?

-Биз ВИЧти алып жүрүүчүлөрдү аныктоо максатында жыл бою ар кандай иш чара, акцияларды өткөрүп жатабыз. Мисалы 1-декабрь бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата бир айлык “Өз статусунду бил” аттуу акцияны уюштурдук. Анын алкагында бир ай бою каалоочулар биздин борборго келип, акысыз тест тапшыруу мумкүнчүлүгүнө ээ. Тесттин жыйынтыгы 20 мүнөттүн ичинде чыгарылат.

-Ош шаарында мындан 20 жыл мурун ВИЧти алып жүргөн 1 жаран катталса, азыр 1000 ден ашуун экен.  Оорунун көбөйүүсүнө кандай факторлор таасир берүүдө?

-Баарыбызга маалым болгондой, азыркы тапта өлкөдө миграция маселеси курч болуп жатат. Тилекке каршы, бул илдет мигранттар арасында көп катталууда.  Учурда илдет негизинен жыныстык катнаш аркылуу көп жугууда. ВИЧти алып жүрүүчүлөрдүн  44 пайызы илдетти жыныстык катнаш аркылуу жуктурушкан.

Буга чейин Ноокатта массалык түрдө жаш балдарга ВИЧ илдети ийне аркылуу жуккан эле.  Алардын ден-соолугу азыр көзөмөлдөбү?

-Ооба тилекке каршы Ноокатта жана Ош облустук ооруканада ийне аркылуу массалык түрдө жаш балдарга ВИЧ илдети жуккан. Азыркы тапта, алардын эң алды 7-класста окуп жатат. Алар биздин борбордун дарыгерлеринин көзөмөлүндө болуп, керектүү дары-дармектерин алып жатышат.

-Өзүңүз айтмакчы ал балдар бой жетип,чоңойуп калышыптыр. Эми алар келечекте толук кандуу  үй-бүлөө күтүп, ата-эне боло алышабы?

-Туура айтасыз. Бул суроо көпчүлүктү түйшөлтүп келет. Мен өз практикамда ушундай бир жакшы окуя болду. ВИЧ илдетин алып жүргөн эки жаран баш кошуп, балалуу болушту. Эң негизгиси оорулу ата-энеден дени сак бала төрөлдү. Алгачкы анализи таза чыкты. Ал баланы азыр биз тынымсыз көзөмөлүбүзгө алып турабыз.

-Бул окуядан соң, калк арасында ооруканаларга ишенич жоголуп калды десек болот. Мындан ары бул өңдүү окуя болбойт деп кепилдик бере аласызбы?

-Бүгүнкү күндө биз ар бир ооруканаларга түшүндүрмөлөрдү бергенбиз. Медицина кызматкерлери колдонулуучу ийненин жаңы экендигин көрсөтүп, андан соң  гана ачышы керек. Бул боюнча КРнын саламаттыкты сактоо министрлигинин да атайын буйругу чыккан. Бирок, биздин жарандар да өз укуктары билип, талап кылууну үйрөнсө жакшы болмок. Анткени ар бирибиз өзүбүзгө сак болсок, оорудан алыс болобуз.

– Аларды коомчулук кандай кабыл алууда?

– Азыркы тапта, аларга болгон мамиле бир кыйла жакшырды десем болот. Анткени илдет туурасында маалымат жайылтуу жакшы болуп, адамдар түшүнүү менен кабыл ала башташты.  ВИЧ – десе эле жарандар туура эмес түшүнүшөт. Бирок, андай эмес. Биз ВИЧти өнөкөт (хронический) оору катары карасак болот. Өз убагында дарыларын ичип турса эле оору андан ары өрчүбөйт. Дүйнөлүк практикада ВИЧ менен  20 жылдан ашуун жашагандар бар. Мисалы, биздин борбордо ВИЧти алып жүрүүчү катары каттоого алынган жарандарыбыз толук кандуу эле жашоо образын алып барышууда. Коомго аралашып, кадимки эле жумуштарда иштеп жаткандар көп.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген