Нариман Түлеев иш сапары менен Москвада. Анда кандай маселелер чечилээри белгилүү болду

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Нариман Түлеев учурда Москвада иш сапары менен экендигин 24.kg маалымдады. 

Анда Түлеевдин отставкага кетүү тууралуу арызына кол коюла электиги айтылат.

“Учурда Москвадамын. Бүгүн бир канча фармокологикалык компаниялар менен жолугушуу өтөт. Анда медициналык шаймандарды жана дары-дармектерди жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрөт. Мындан тышкары бир нече ооруканаларга да барып, коронавирус менен күрөшүү тажрыйбаларын үйрөнүүнү пландап жатам. Андан кийин Горький унаазаводко барып, автобустарды жеткирүү тууралуу маселелерди чечебиз”,-деген Нариман Түлеев.

Бүгүн, 26-октябрда борбордогу мэриянын имаратынын алдына жүздөгөн митингчилер чогулуп, Нариман Түлеевдин кызматтан кетишин талап кылышты.

20-октябрда Бишкектин мэри Азиз Суракматов кызматын тапшырганын жана биринчи вице-мэр болуп Нариман Түлеев дайындалганын жарыялаган. Мыйзам боюнча мэр кызматтан кеткенде анын милдетин биринчи вице-мэр аткарып калат.

Мындан улам мэрдин милдетин аткарары жарыяланган Нариман Түлеевдин кызматтан кетишин талап кылышкан. Митингдин катышуучулары анын мэрдин милдетин аткарып жатканы жана биринчи-вице мэр болуп дайындалышы мыйзамсыз деген пикирлерин билдиришти. Чогулгандар мамлекеттик кызматтарга жаңы, таза кадрларды дайындоону талап кылып, «Түлеев кетсин!» деп кыйкырып турушкан.

Нариман Түлеев Бишкекти 2008-2010-жылдары башкарган. Кийин коррупция үчүн айыпталып, 11 жылга кесилген. 2016-жылы мамлекет тарткан зыянды төлөп берип, мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулган. Соттун чечими менен анын бир нече мүлкү конфискацияланып, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өткөрүлгөн.

Түлеев 20-августта Азиз Суракматов менен чогуу өткөрүлгөн басма сөз жыйынында өзүнөн соттуулук алынганын жана мурда козголгон кылмыш иштери боюнча Жогорку сотко кайрыларын билдирген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.