Мышыкты тир менен атып өлтүргөн жаран элден кечирим сурады

Мышыкты ырайымсыздык менен өлтүргөн окуя “Жаныбарларга ырайымсыз мамиле жасоо” катары катталып, тергөө иштери жүргүзүлө баштады.

Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Интернетте тараган окуя,  5-октябрь күнү Жалал-Абад шаарында болгон. Видеодогу жаран 1983-жылы туулган И. К  экени аныкталган. Ал үйүнүн алдындагы короосунда, өзүнүн мышыгын мойнунан байлап тир мылтыгы менен эки жолу атып өлтүргөн.

Аны милиция кызматкерлери кармагандан кийин, кылган иши үчүн коомчулуктан кечирим сурады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген