Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу жабылды

19-декабрь күнү кечки саат 17:00дөн тартып Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу убактылуу жабылды.

Ош облусуунун Кара-Кулжа районунун Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 78-86-чакырым аралыгында (Тамчы тилкеси) ар жерден кар көчкү түшкөн. Болжолду көлөмү  20000 м3  түзөт. Эми аталган унаа жолу аба-ырайы турукташканга чейин ачылбайт.

Учурда тазалоо иштерине №26 ЖТИден 1 бульдозер жана 2 жүктөгүч тартылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген