МЫРЗАҢЫЗ КАНТИП КҮЛӨТ?

Жигитиңиз кантип күлөт? Бир гана айланаңыздагы эмес, жалпы эле мырзалардын мүнөзүн билгиңиз келсе, алгач алардын кантип күлөөрүнө көз чаптырыңыз да, бул макалага назар салыңыз. Келиңиз анда канчалык шайкеш келээрин баамдап көрөлү ☺

Добушун чыгарып, катуу күлөт

Оозун чоң ачып, өз күлкүсүнөн уялбаган адамдар жайдары мүнөз болушат. Бирок андай адамдар күлүп туруп деле бат эле ачууга алдырып жибериши мүмкүн. Мындай жигиттер бирөөнү укканга караганда, өздөрү сүйлөгөндү көбүрөөк жактырышат.

Катуу деле эмес, жай гана

Ал күлгөн учурда көздөрү бир аз жумула (жымшыйып) түшөт. Кебетесин көрүп туруп эле, сиз да күлбөй койбосоңуз керек. Мындай мырзалар өздөрүнө ишенимдүү, сабырдуу жана бир аз кайсар мүнөз келишет.

Оозун ачпай, акырын күлөт

Мындайлар аябай сабырдуу жана чыдамкай болушат. Алар өтө өзүмчүл адамдардын катарын толуктаганы менен, маектешүү аябай жеңил. Бул күлкү ээлери сиздин ар бир айткан сөзүңүздү кунт коюп угуп, баарлашууга дайым даяр.

Абалга жараша ар түрдүү күлгөндөр

Абалга жараша күлкүсүн өзгөрткөндөр оор басырыктуу эместиги анык. Алар көпчүлүктүн пикири менен эсептешпей, бат эле чечим кабыл ала билишет.

Акырын мыйыгынан жылмайгандар…

Демек, мындай  жигиттер менен мамиле курууда өтө кылдат болуңуз. Алар кыйын кырдаалда сизди таштап кетиши да мүмкүн. Мындайлардан баарын күтсө болот.

Башын бир аз эңкейтип күлсө

Анда ал ак көңүл, чынчыл адам. Өз сезимдерин жашырып айта албай жүрө берген кишилердин катарын толуктайт.

Оозун колу менен жаап күлгөндөр

Алар уялчаак, өзүнө ишенимсиз болушат. Башкалар менен маектешүүдө да зеригичтүү келет.

 Макала жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш.☺

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz