Мындан ары балдар унаада автокресло менен жүрбөсө айдоочуга айып пул салынат

Мындан ары балдар унаада атайын автокресло менен жүрүүсү керек. Автокреслонун бар же жок экендигин жол инспекторлору текшере баштайт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, эрежеге киргизилген жаңы толуктоолордун негизинде 12 жашка чейинки балдар унааларда атайын автокреслолордо жүрүүсү зарыл.

Атайын орнотулган балдар отургучтары кырсык учурунда алардын өлүмүн жана майып болушун алдын алууга жардам берет.

Балдар автокреслосун орнотпостон 12 жашка чейинки жеткинчектерди унаага салгандар 3000 сом өлчөмүндө айыпка жыгылат.

Балдарды мындан тышкары мотоциклдин арткы отургучунда, борттук платформасы бар жүк ташуучу автомобилдин кузовунда, баланын боюна жана салмагына шайкеш болгон балдарды карматуучу атайын түзүлүш жок болгон учурда жеңил автомобилдин алдыңкы отургучунда алып жүрүүгө тыюу салынган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген